Товарды колуңузга алгандын кийин гана төлөйсүз
Урматту окурман, Шаар ичинде жеткирүү 200 сомдон башталат. Ал эми региондорго жеткирүү келишим баада
Бул чыгармада 11 жашар башкы каармандын башынан өткөргөн кайгылуу - кубанычтуу күндөрү, 16-жылдагы үркүндө эл менен бирге Кытайга качып барып келгени, андан кийинки татаал тагдыры, ошол эле учурда келечектен үзүлбөгөн үмүтү, кыялдары, максатына жетүүгө болгон аракети көркөм сөздүн күчү менен өтө дыккат сүрөттөлөт. Романда окурманды өйдө-төмөн жетелеген кызыктуу сюжет, жомоктогудай күтүүсүз бурулуштар, сыйкырдуу өзгөрүүлөр, тарбиялык багыттагы үгүт саптары көрүнбөгөнү менен күнүмдүк тиричиликтин күүсү кылдат сүрөттөлүп, жөнөкөй сөздөр менен элестүү сүрөттөө аркылуу баяндоо стили окурманды өзүнө тартып турат. Кичинекей бир баланын татаал тагдыры аркылуу улуттук тарыхтын улуу трагедиясын кыл калемдин күчү менен терең чагылдырып берген, 30-жылдардагы кыргыз адабиятынын проза жанрын профессионалдык деңгеелге көтөргөн "Узак жол" романы окурманды кайдыгер калтырбайт деп терең ишенебиз.
Урматту окурман, Шаар ичинде жеткирүү 200 сомдон башталат. Ал эми региондорго жеткирүү келишим баада
Товарды колуңузга алгандын кийин гана төлөйсүз