Товарды колуңузга алгандан кийин гана төлөйсүз
Урматту окурман, Шаар ичинде жеткирүү 200 сомдон башталат. Ал эми региондорго жеткирүү келишим баада
«Кыямат» романы - 80-жылдардын ортосундагы көрүнүктүү прозалык чыгарма. Жазуучунун башка чыгармаларындай эле “Кыямат" романы турмуштун курч карама-каршылыктарынын трагедиясына жык толгон.
Роман композициялык жактан үч бөлүккө бөлүнгөн. Биринчи бөлүктө Акбара менен Ташчайнардын татаал тагдыры жөнүндөгү баян,чиркөө догмаларына шек келтиргени үчүн Авдий Каллистратовдун диний семинарийден куулушу жана анын гезит кабарчысы катары нашакечтерге аралашканы, экинчи бөлүктө негизинен кылмыш жана жаза - кунөөкөрлөр Гришан, Обер-Кандаловдор аларды кунөөдөн арылткысы келген Авдийди жазалашкандыгы Библиялык сюжеттеги Иисус Назаряниндин жазаланышы менен параллель баяндалат. Үчүнчү бөлүктө Акбара менен Ташчайнардын Ысык-Көл жакасына ооп келгенден кийинки тагдыры, Бостондун трагедиясы сүрөттөлөт.
«Кыямат» окурмандар арасында ХХ кылымдын актуалдуу проблемаларын көркөм-философиялык деңгээлде чечмелеген, эмоционалдык, экспрессивдик энергиясы күчтүү алдыңкы адабий үлгү, жаны романдык үлгү катары бааланган.
Урматту окурман, Шаар ичинде жеткирүү 200 сомдон башталат. Ал эми региондорго жеткирүү келишим баада
Товарды колуңузга алгандан кийин гана төлөйсүз