Товарды колуңузга алгандан кийин гана төлөйсүз
Урматту окурман, Шаар ичинде жеткирүү 200 сомдон башталат. Ал эми региондорго жеткирүү келишим баада
Эсентур Кылычевдин ысмы 80-жылдары кыргыз поэзиясындагы жаңычыл ийгиликтерди жараткан акындардын катарында тургандыгы жалпы окурмандарга белгилүү. Анын айрым ырлары азыркы күндө да жарык көрүп жаткан антология-альманахтарда жана коллективдүү жыйнактарда байма-бай жарыяланып келет. Ырлары орус, кытай, украин, тажик, грузин тилдерине которулуп, ал элдердин адабий коомчулугунда жылуу пикирлерге ээ болгондугу массалык маалымат каражаттары аркылуу чагылдырылгандыгына күбөбүз. Анын ырларындагы поэтикалык ички туюмду андап билүү жана поэзиянын сыйкырлуу күчүнө кабылуу менен ар дайым кыймылдагы шуру тариздүү тизилген тирүү сөздөрү өз кызматтарын так аткарып, чыгармачылык кудуретинен улуттук аң-сезимди ойготкон касиетке ээ экендиги сезилет.
Эсентур Кылычев таланттуу котормочу. Ал дүйнөлүк адабияттын - Генрих Гейне, Антонио Мачадо, Витезслав Незвал, Рене Сюлли-Прюдом, Рекан, Исикава Такубоку, Мати Тавара сыяктуу белгилүү акындардын ырларын кыргызчага которуп, өз окурмандарына тартуулаган. «Ырларым Пушкин тилинде» бөлүмүндө айрым ырлардын орус тилиндеги котормосу катар берилип, көркөм котормо жаатында иштегендердин зор кызыгуусун туудурары бышык.
Акындын «Күзгү токой» жыйнагы кыргыз поэзия сүйүүчүлөрүнө жаркын маанайды, жаны кайрыктарды, жакшы поэтикалык саптарды тартуулайт деп ишенебиз.
Урматту окурман, Шаар ичинде жеткирүү 200 сомдон башталат. Ал эми региондорго жеткирүү келишим баада
Товарды колуңузга алгандан кийин гана төлөйсүз