Товарды колуңузга алгандан кийин гана төлөйсүз
Урматту окурман, Шаар ичинде жеткирүү 200 сомдон башталат. Ал эми региондорго жеткирүү келишим баада
Алыкул Осмонов. Кыргыз адабиятында өзгөчө орду бар акындарды бири. Анын ырларынын Кыргыз элинде кандай бааланганы баарыбызга белгилүү. Акын, кийинки жылдары бир тууган Туркияда да өзүнүн окурмандарын, күйөрмандарын таба баштады. Ошол күйөрмандардын бири — көптөгөн жылдардан бери Кыргыз адабиятын Туркияда таанытууга аракет кылып, үзүрлүү иштеп келе жаткан котормочу Ибрахим Түркхан. Ал, ушуга чейин которуу жаатында 80ден ашуун Кыргыз адабиятчыларынын чыгармаларын которуу менен чектелбестен, 1988-жылдан бери Түркчө, 1994-жылдан бери Кыргызча ырларды жазып, аларды басма сөздөрдө жарыялап келген жана Алыкулду өзүнө устат кабыл алган акындардын бири. Ушул китеп акындын ырларынан турган Кыргыз тилиндеги туңгуч ырлар жыйнагы.
Урматту окурман, Шаар ичинде жеткирүү 200 сомдон башталат. Ал эми региондорго жеткирүү келишим баада
Товарды колуңузга алгандан кийин гана төлөйсүз