Товарды колуңузга алгандан кийин гана төлөйсүз
Урматту окурман, Шаар ичинде жеткирүү 200 сомдон башталат. Ал эми региондорго жеткирүү келишим баада
Урматтуу окурман!
Бул китепте көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер, Кыргыз Республикасынын Баатыры Турдакун Усубалиевдин
өмүр баяны, мамлекеттик ишмердүүлүгү, «Манас» эпосуна байланыштуу аткарган иштери, башынан өткөн окуялары жөнүндө баяндалат. Ошондой эле анын бабасы Калыгул Даанышман, кыргыздын көрүнүктүү инсаны Ормон хан Ниязбек уулу, элибиздин мыкты уулдары, замандаштары И.Раззаков, Ч.Айтматов, С.Ибраимов, маданиятыбыздын белгилүү ишмерлери А.Жумакматов, К.Молдобасанов, Т.Садыков жөнүндө маалыматтар бар. КПСС БКнын генералдык секретары М.Горбачев, секретары Е.Лигачев жөнүндө жана алардын СССРдин жоюлуп кетишине «кошкон салымы» жөнүндө кыскача айтылат. Китептен Кыргыз Республикасынын 60-70 жылдагы тарыхы, саясий турмушу, экономикасы, маданияты жонундө кыскача маалымат алууга болот.
Урматту окурман, Шаар ичинде жеткирүү 200 сомдон башталат. Ал эми региондорго жеткирүү келишим баада
Товарды колуңузга алгандан кийин гана төлөйсүз