Товарды колуңузга алгандан кийин гана төлөйсүз
Урматту окурман, Шаар ичинде жеткирүү 200 сомдон башталат. Ал эми региондорго жеткирүү келишим баада
Жазуучунун бул эки томдук китебинде мурда жарык көргөн үч повести кайрадан иштелип, идеялык жактан бир бүтүндүктү түзүп тургандыктан «Аял жөнүндө баллада» деген аталыштагы романга бириктирилди. Композициялык жактан жаңычыл баяндалган бул роман - аял темасына арналып, курч адеп-ахлактык маселени козгогон, аялзатынын коомдогу ордун, анын жарандык позициясын таасын чагылдырган азыркы адабияттагы бараандуу чыгармалардын бири.
Ошондой эле жыйнакка жазуучунун ангемелери жана өзүнүн калемдештеринин өмүрүндөгү бир учурду сергек чагылдырган «Күндөрдүн бир күнүндө» эссеси кирди. Тили жатык, баяндоо ыкмалары таасын, козгогон темалары актуалдуу болгон бул чыгармалар окурмандын кызыгуусун жаратпай койбойт.
Урматту окурман, Шаар ичинде жеткирүү 200 сомдон башталат. Ал эми региондорго жеткирүү келишим баада
Товарды колуңузга алгандан кийин гана төлөйсүз