Оплата при получении товара
Дорогие читатели. Доставка по городу Бишкек от 200 сомов. А доставка по регионам договорная
...Сиз баланызга "ийгилике жетишкен адам бол", - деп айтышыныз мумкун, бирок ал оной менен ийгиликке жете албайт. Балаңыз ийгиликке жетүү чечимин өзү кабыл алгандай жагдай түзүшүңүз керек. Көпчулук ата-энелер өздөрү жакшы, барктуу жана пайдалуу деп эсептелген окуу жайларда балдарын окууга мажбурлашат. Мисалы, баласы дарыгер болгусу келет дейли, бирок ага: "Экономист же инженердин окуусуна барып окуу",-деп айтышат. Бала ата-энеси каалаган окууда билим алат, бирок анын көңүлү бул тармакка такыр тартпайт. Натыйжада алган билимин эч колдонбой, диплому жаздыктын алдында калат. Ушинтип, убакыт жана акча текке кетет. Биз жөн гана балага кичинекей кезинде ийгиликке жетишкен адамдардын ой жугуртуусун тушундурушубуз керек. Ал маалыматты талдоонун жанаа конкреттүү фактылардын негизинде түзүлөт.
Алар ой жүгүртүшөт, байкоо жүргүзүшөт, жыйынтык чыгарышат. Киши канчалык көп талдоо жүргүзсө, ошончолук маалыматка ээ болот да,кабыл алган чечими да ошончолук туура болот. Талдап жатып ал оң жактарды да, терс жактарды да көрө алат. Ошондуктан кабыл алган чечими натыжайлуурак болот. Талдабай туруп чечим кабыл алгандар көпчүлүк учурда жаңылышат. Андан кийин "ушундай чечим кабыл алуу мага туурадай көрүнгөн" , - дешет. Эгер сиз ойлонбосоуңуз сөзсүз түрдө жаңылышасыз....
Дорогие читатели. Доставка по городу Бишкек от 200 сомов. А доставка по регионам договорная
Оплата при получении товара