Оплата при получении товара
Дорогие читатели. Доставка по городу Бишкек от 200 сомов. А доставка по регионам договорная
Китеп негизинен кыргыздын бостон уруусуна арналган. Бостон уруусунун келип чыгышы үч карлук уруу бирикмеси менен байланышкандыктан китепте карлуктар жөнүндө орхон-энесай жазма эстеликтердеги, кытай, монгол, араб-перс жана түрк булактарындагы маалыматтар камтылган. Карлук (бостон) уруу бирикмеси түзгөн Карлук каганатынын, Карахандар жана Газневилер империяларынын кыскача тарыхы баяндалат. Бостон уруусунун келип чыгыш тарыхы, бостон жана бостон этноними менен байланышкан терминдердин чечмелениши, анын карлук, лакай алтай элдери жана башка кыргыз уруулары менен болгон уруу аталыштарынын паралелдүүлүгү, тектик жалпылыктары жана тарыхый-этникалык байланыштары изилденген. Ошондой эле азыркы убактагы бостон уруусунун уруктук курамы, географиялык жайгашуусу жана генеалогиялык (санжыра) таралышы, ал уруудан чыккан белгилүү инсандар тууралуу кыскача маалыматтар берил- ген. Китеп түрколог, тарыхчы-этнографтарга, аспиранттарга жана ошондой эле кыргыз тарыхына кайдыгер карабаган мекенчил, улутман окурмандарга сунуштанылат.
Дорогие читатели. Доставка по городу Бишкек от 200 сомов. А доставка по регионам договорная
Оплата при получении товара