Оплата при получении товара
Дорогие читатели. Доставка по городу Бишкек от 200 сомов. А доставка по регионам договорная
Монография, саяк уруусунан чыккан Эр Садыр ханга арналып, анын кыргыз жерин калмактардан бошотууда жана казактардан коргоодо көрсөткөн эрдиктери, ишмердиги оозеки жана тарыхый булактардын негизинде баяндалат. Андан сырткары саяк уруусунун келип чыгышы, кыргыз жана түрк урууларынын этногенетикалык байланыштары, кыргыз этногенезиндеги «сак» этнокомпонентинин орду чагылдырылган.
ХѴІІ-ХѴІІІ кылымдардагы кыргыз-калмак, кыргыз-казак согуштарынын жыйынтыгы жана ошол доордогу тарыхый инсандардын ынтымаксыз иш аракеттеринин натыйжасы көптөгөн согуштук жеңилүүлөргө жана кыргыздар жашаган аймактардын кыскарышына алып келгендиги изилдөөгө алынган.
Дорогие читатели. Доставка по городу Бишкек от 200 сомов. А доставка по регионам договорная
Оплата при получении товара