Товарды колуңузга алгандын кийин гана төлөйсүз
Урматту окурман, Шаар ичинде жеткирүү 200 сомдон башталат. Ал эми региондорго жеткирүү келишим баада
Грузиянын ички саясаты тышкы саясатынан акылдуураак деп баары айтышат.Алар паракорлукту жок кылышты, МАИни жоюшту, министрликтеринде 27 жаштагы жаш министрлер иштеп жатканын жана министрликтеринин саны бир нече эле адамдан турарын айтышат. Бирок, эч ким билбейт. Ушундан улам, Лариса Буракова постсоветтик аймак үчүн грузин тажрыйбасын жолдой тургандарга реформалар жөнүндөгү китепче чыгарууну максат кылган. Бул китепти ал ар бир мамлекеттик кызматкерлердин жана өзүнүн тегерегиндеги дүйнөнү өзгөртүүнү каалагандардын үстөлүндө практикалык мисалдардан турган көрсөтмө курал катары туруусун каалаган. Келиңиз, Грузияны өзгөрткөн реформалар кандай жүрдү жана эмне өзгөрдү, Лариса Буракованын “Грузия кантип реформа жасай алды» китебинен алынган айрым мисалдардын негизинде талдап көрөлү. Ал жакта 2003-2011-жылдары эмне болгонун ушул китептин кыргызча басылмасынын көзөнөгүнөн шыкаалап карап көрөлү. Чындыгында, алардын тажрыйбасын үйрөнүүгө бизге эмне тоскоолдук болушу мүмкүн?
Урматту окурман, Шаар ичинде жеткирүү 200 сомдон башталат. Ал эми региондорго жеткирүү келишим баада
Товарды колуңузга алгандын кийин гана төлөйсүз